Москванын Тверь райондук соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын президент Владимир Путинди коррупцияга шектеп жазган арызын кабыл алуудан баш тартты. Сот арыз кароого жатпайт деп чечкенин бүгүн "Интрефакс" кабарлады. РИА Новости агенттигине болсо судья Татьяна Молитвина арыз кабыл алынбашын президенттин кол тийбестиги менен байланыштырган. "Баш мыйзамдын 91-беренесине ылайык, өлкө президенти кол тийбестикке ээ", - деп айтылат соттун аныктамасында. Ошондой эле арыз ээси бул боюнча соттук экинчи баскычка - Москва шаар сотуна даттанууга укугу бар экени белгиленген.
Кечээ оппозициялык саясатчы Алексей Навальный президент Путинди "Коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу" федералдык мыйзамды бузууга айыптап, сотко кайрылганын билдирген. Анын айтымында, Путин 2015-жылдын октябрында бир миллиард 750 миллион долларды Орусиянын Улуттук жыргалчылык фондунан “Сибур” нефтехимиялык холдингине бөлдүргөн. Холдингдин акционерлеринин бири Кирилл Шамалов орус президентинин кызы деп айтылып жаткан Екатерина Тихонованын күйөөсү.
“Бул каражатты бөлүп жатканда Путин кызыкчылыктар кагылышы тууралуу кабарлаган эмес. Бул аталган мыйзамды бузуу болуп эсептелет”, - дейт Навальный.