Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Интерпол Ходорковскийди издөөдөн баш тартты


Михаил Ходорковский
Михаил Ходорковский

Михаил Ходорковскийге эл аралык издөө салуу боюнча Москванын сунушунан Интерпол уюму баш тартты. Интерполдун баш катчысы Орусия жиберген суроо-талап уюмдун эрежелерине дал келбей турганын билдирди.

Буга чейин Интерполдун Москвадагы бюросу Нефтюганск калаасынын мурунку мэри Владимир Петуховдун өлүмүнө катышы бар деп шектелип жаткан Ходорковский эл аралык издөөгө алынганын жарыялаган болчу. Бирок Интерполдун расмий сайтындагы кылмышкер деп аталгандардын катарына Ходорковскийдин аты-жөнү жазылган жок.

ЮКОС мунай компаниясынын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский экономикалык кылмыштар боюнча айыпталып, 2013-жылы президент Путин ырайым кылганга чейин - он жыл абакта отурган. Абактан чыгары менен чет өлкөгө кетип, учурда Орусиядан сыртта жашайт жана “Ачык Орусия” коомдук кыймылын жетектейт. (SE)

XS
SM
MD
LG