Кыргызстанда 14-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо бир аз кар жаайт. Жолдорго муз тоңот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9...14, күндүз -3...+2,
Талас жергесинде түнкүсүн -11...-16, күндүз 0...5,
Баткен облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...+4,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -6...-11, күндүз -4...+1,
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -4...-9,
Бийик тоолуу райондордо -26...-31, күндүз -13...-18 градус суук болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Күндүз -11…-13, күндүз -1...+1 градус болот.