Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Баткен: милиция окуучуларга экстремизим коркунучун үйрөтүүдө


Баткен облусунда милиция кызматкерлери мектеп окуучуларына экстремизм жана терроризм коркунучу тууралуу сабак өтүп жатат.

Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришти.

Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору, 10-бөлүмүнүн кызматкерлери жана казыяттын имам хатибдери менен биргеликте Баткен шаарынын аймагындагы мектептер жана жогорку окуу жайларындагы билим алып жатышкан окуучулар арасында диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү жана диндин маанисин терең түшүнүп, туура эмес агымдарга кирүүгө бөгөт коюу максатында семинар-окуулар жүргүзүлдү.

Баткен шаар аймагында жалпысынан 18 мечит, эки медресе, үч намазкана бар.(JsA)

XS
SM
MD
LG