Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Орусиянын Хабаровск шаарында окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен онлайн жыйын уюштуруп, салттуу дин боюнча түшүндүрмө берди. Кыргызстандын Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагы боюнча консулдугу кабарлагандай, 11-февраль күнкү байланышта муфтий Максатбек ажы Токтомушев экстремисттик топторго азгырылбоодон сырткары, чет жакта өзүн алып жүрүү адеби тууралуу да жаштарга айтып берди.
Түз байланыш аталган аймактагы Кыргызстандын ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаевдин демилгеси менен Ыраакы Чыгыш мамлекеттик байланыш жолдору университетинде өттү. Ага кыргызстандык студенттерден тышкары жергиликтүү коопсуздук мекемелеринин өкүлдөрү, окуу жайлардын тарбия иштери боюнча адистери катышты. (SE)