Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

Көтөрүлүш жана Үркүн: кандуу жылды көргөндөр

"Азаттык" үналгысы Кыргызстандагы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Үркүндүн 100 жылдыгына карата XX кылымдын башында тартылган архивдик сүрөттөрдү жарыялоону улантат.

1916-жылы Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Орусия падышалыгына каршы тайманбай чыккан кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшү кандуу жазаланган соң, калайыктын жүз миңдеген бөлүгүнүн Кытайдын батышына качууга аргасыз болушу тарыхта "Улуу Үркүн" деп аталып калган. Көтөрүлүштүн чыгышына 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди согуш жүрүп жаткан аймактардагы ооруктук жумуштарга тартуу тууралуу падышалык жарлык шыкак болгон. Жаңы басылып алынган Борбордук Азия аймагынын жергиликтүү калкы, анын ичинде ала-тоолук кыргыздар үчүн орусиялык падышалык режим дагы эле баскынчы, чоочун, өгөй мамлекеттин бийлиги катары кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG