Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:32

Сауд Арабия аскерий учактарын Түркияга жайгаштырууну көздөп жатат


Түркиянын Инжирлик аба базасы
Түркиянын Инжирлик аба базасы

Сауд Арабия бийлиги согуштук учактарын Түркиядагы аскерий базага жайгаштырууну, ал жерден “Ислам мамлекети” радикал тобунун турумдарына сокку урууну көздөп жатат. Түркиядагы Yeni Safak басылмасы бул тууралуу тышкы иштер министри Мавлуд Чавушоглунун айткандарына таянып, 13-февралда маалымдады.

Чавушоглу эки мамлекеттин армиясы биргелешип “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине каршы жерден чабуул коюу операцияларын өткөрүүгө макулдашканын билдирген. Бирок ал качан ишке ашырылары айтылган эмес.

Түркиянын Инжирлик аскерий базасын АКШ баштаган эл аралык коалиция күчтөрү Сириядагы аба операциялары үчүн пайдаланып келет. Бирок АКШ президенти Барак Обама америкалык аскерлер Сириядагы согушкерлерге жерден сокку уруу ниети жок экенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG