Тарых жана маданият жылына карата 15-февралдан 20-февралга чейин Кувейт борбору Эль-Кувейт шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов “Азаттыкка” билдирип, иш-чаранын алкагында фольклордук-этнографиялык топтун таланттары, бийчилер жана ырчылар өнөр тартуулашарын маалымдады. Министрдин айтымында, кыргыздардын маданият күндөрүн быйыл алты мамлекетте өткөрүү пландалган:
- Бул иш-чара жөн гана маданиятыбызды жайылтуу эмес, Кыргызстанга туристтерди чакыруу болуп саналат, - деди Максүтов.
Президент Алмазбек Атамбаевдин буйругуна ылайык, 2016-жыл Тарых жана маданият жылы деп жарыяланган. (SE)