Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Керри: Минск келишими аткарылмайынча Орусияга киргизилген санкциялар алынбайт


Жон Керри
Жон Керри

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Украинага карата Москванын агрессиясы токтобой жатканын сындап, Донбасстагы жагдайды жөнгөрүү боюнча Минск келишими толук аткарылбаса, Орусияга киргизилген санкциялар алынбай турганын билдирди.

Керри ишемби күнү Мүнхенде эл аралык коопсуздук жыйынында сүйлөп жатып Украинанын аймактык көз карандысыздыгы толук сакталышы керектигин эскертти.

- Орусиянын алдында эки тандоо бар: же Минск келишимин толук аткарышы керек, же санкциялардын зыянына чыдашы зарыл, - деди Керри.

Минск келишиминдеги талаптарга ылайык, Орусия Украинанын чыгышындагы аскерий күчтөрүн толугу менен алып чыгып, Киевдин Донбассты көзөмөлгө алуусуна тоскоол болбошу керек. Бирок Кремл Украинадагы согушка катышы жок экенин белгилеп келүүдө.

АКШ жана Европа мамлекеттери 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан соң Москвага каршы бир катар экономикалык санкцияларды киргизген.

Керри Украина бийлигине да кайрылып, өлкөдө реформа жасап жемкорлук менен күрөштү жандантууну сунуштады. (SE)

XS
SM
MD
LG