Бириккен Улуттар Уюмунун маалымдашынча, 2015-жылы Ооганстандагы зомбулуктардан 11 миңден ашуун жайкын тургун көз жумду. Миңдеген кишилер жараат алды. Бул 2009-жылдан берки эң начар көрсөткүч экени белгиленет.
14-февралда жарыяланган баяндамада айтылгандай, жөнөкөй жарандар арасында көз жумгандар бир жыл мурункуга караганда 4% көбөйгөн. Каза тапкандардын 10% аялдар, 25% балдар.
Улуттар Уюмунун маалымдашынча, жардыруулар жана террордук кол салуулар шаарларда көбүрөөк орун алып жатканынан улам киши өлүмү өскөн.