Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганына 27 жыл болду


Ооган согушунда мерт кеткендердин аты-жөнү жазылган эстелик. Бишкек шаары.
Ооган согушунда мерт кеткендердин аты-жөнү жазылган эстелик. Бишкек шаары.

Бүгүн Бишкек шаарындагы “Ата Түрк” эс алуу багында Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылганынын 27 жылдыгына карата эскерүү жыйыны болот. Иш-чара калабада набыт болгондордун элесине арналган эстеликтин жанында уюштурулат. Ооган согушунун ардагерлер кеңешинен кабарлашкандай, митинг-реквиемге согушка барып келгендер, ал жакта курман болгондордун туугандары жана бийлик өкүлдөрү чакырылган.

Ушундай эле иш-чаралар бүгүн өлкөнүн бардык аймактарында өтөт.

Коога учурунда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын 249у ошол жакта набыт болуп, 504ү жараат алган. Төртөөнүн али күнчө дайыны жок.

Аман кайткан кыргызстандык 6892 жоокердин арасында согушта алган жараатынан улам миңге жакыны 50 жашка жетпей көз жумган. (SE)

XS
SM
MD
LG