Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

АКШнын Ооганстандагы аскерий ролу өзгөрбөйт


Генерал Жон Кэмпбелл.
Генерал Жон Кэмпбелл.

Бул тууралуу Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кызматтан кетип жаткан кол башчысы, генерал Жон Кэмпбелл билдирди. Анын айтымында, коопсуздук жагынан алдыдагы жыл дагы татаал болоруна карабай, АКШнын бул жердеги аскерий миссиясы өзгөрбөйт.

Учурда АКШнын атайын күчтөрү түштүктөгү Гильменд провинциясында ооган күчтөрүнө жардам көргөзүүдө. АКШ генералы белгилегендей, ооган күчтөр аларды зарыл учурда абадан колдоо көргөзүүгө чакыра алат.

Ооганстан коопсуздук үчүн жоопкерчиликти НАТОдон 2014-жылдын соңунда өткөрүп алган. Бирок алдыдагы бир нече жыл ичи эл аралык колдоого муктаж болчудай.

Президент Барак Обама былтыр жыл соңунда жарыялагандай, Кошмо Штаттар азыр Ооганстанда турган 9 миң 800 аскерин 2016-жыл ичи да ал жерде кармайт. 2017-жылга барып гана алардын саны 5,5 миңге азаят. 9 миң 800 америкалык аскерге кошумча Ооганстанда НАТОнун башка өлкөлөрүнүн 1000ден ашуун жоокери да бар. Алардын азыркы негизги миссиясы – ооган күчтөрүн машыктыруу.

XS
SM
MD
LG