Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Президент билим тармагындагы абалды талкуулады


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн билим жана илим министри Элвира Сариеваны кабыл алып, тармактагы негизги маселелерди талкуулады.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, министр Сариева бала бакча, мектеп жана жогорку окуу жайлардын каржылык камсыздыгынын ачыктыгын жогорулатуу, өкмөт бөлгөн акчанын туура пайдаланылышына көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрүлүп жаткан аракеттер тууралуу айтып берди. Мындан тышкары билим берүүчү мекеме-уюмдарды көз каранды эмес аккредитациядан өткөрүү, бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин текшерүүнү стандарттоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар, мектеп куруу жана мугалимдерди үй-жай менен камсыз кылуу жөнүндө да сөз болду. (RK)

XS
SM
MD
LG