Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Ысык-Көлдө эшек уурдаган топ кармалды

Ысык-Көл районунда эшек уурдаган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен кабарлашты. Алардын бири Нарындан, экинчиси Бишкектен жана дагы бирөө Жети-Өгүздөн экени аныкталды. Милициянын маалыматына караганда, баары тең эшектин терисин сатуу үчүн жергиликтүү тургундардын короосуна ууруга кирип жүргөнүн, буга чейин 4 жандыкты уурдаганын моюнуна алды.

Корумду жана Жаркынбаев айылдарынан уурдалган 4 эшектин териси Бишкекте 4-5 миң сомго сатылганы, ал эми эти талаага калтырылганы маалым болду.

Кылмышка шектүү жарандар райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына камалды. Тергөө жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG