Бүгүн кечинде Бишкекте рак илдетине чалдыккан балдардын дары-дармегине каражат чогултуу боюнча флеш-моб өтөт. Бул тууралуу “Help the Children – SKD” уюмунан кабарлашты. Акцияны өткөрүүгө Борбор Азиядагы Америка университетинин студенттери көмөк көрсөтүүдө.
Бүгүн 15-февраль - Балдардын онкологиялык ооруларына каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун статистикасына караганда, рак - балдардын өлүмү боюнча негизги себептер тизмегинде экинчи орунду ээлейт. Биринчи орунда - түрдүү кырсыктар, атайылап өлтүрүү жана өз жанын өзү кыюу.
Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө ушу тапта 100дөй бала дарыланууда. (RK)