Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Баткенде "Ганжак" суу каналынын курулушу токтоп турат


Баткенде "Ганжак" суу каналынын курулушу качан аяктары белгисиз. Бул тууралуу "Азаттыкка" Тажикстан менен чектешкен Кара-Бак айылынын тургундары билдиришти.

Кайрылгандардын айтымында, айылда суу тартыш болуп, айдалбай калып жаткан жерлерди өздөштүрүү үчүн мындан үч жыл мурда демилге көтөрүлүп, Тажикстандын аймагына өтүп жаткан сууну алып келүүгө "Ганжак" каналын казуу үчүн долбоор даярдалган. Өкмөттөн 5 млн сомдон ашык каражат да бөлүнмөй болуп, облустук суу чарба башкармалыгы чарбалык эсептен 30 пайыздай жумушту аткарган.

Бирок акыркы жылы бул иш токтоп, каржат да бөлүнбөй, себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Облустук суу чарба башкармалык жетекчиси Машрап Бердалиев болсо бул долбоор текшерүү үчүн токтотулганын, быйылкы жылга каражат бөлүнсө иш башталарын айтты. (JsA)

XS
SM
MD
LG