Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Австралияда ири көлөмдөгү маңзат кармалды


Австралия полициясы. Иллюстративдик сүрөт.
Австралия полициясы. Иллюстративдик сүрөт.

Австралияда өлкөнүн тарыхындагы эң ири көлөмдөгү маңзат кармалганын бүгүн өлкөнүн расмий бийлиги билдирди. Алынган суюк метамфетамин заты 900 миллион долларга бааланууда.

Бул ири көлөмдөгү маңзат Сиднейден Гонконгго келген жүк ташуучу контейнерден полициянын декабрь айынан бери жүргүзүлүп келген атайын рейдинин алкагында табылган. Маңзат аялдардын ич кийимдеринин ичине кылдат катылганы маалым болду. Кытай полициясы менен биргеликте жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында төрт Гонконгдун жана бир Кытайдын жараны кармалды. Австралиянын Юстиция министри Майкл Кинандын айтымында, алынган маңзаттан 3,6 миллион доза кристалл түрүндөгү метамфетамин заты чыкмак.

Австралиядагы бул маңзаттын колдонуучуларынын саны 2007-жылдан бери эки эсеге өсүп, 200 миң адамга жеткен.

XS
SM
MD
LG