Бул тууралуу дүйшөмбүдө Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини билдирди. Ошентсе да Могерини азырынча Босния-Герцеговина Евробиримдиктин баардык талаптарына азырынча жооп бере албастыгын кошумчалады.
Жарым жылдан бери Еврокеңеште төрагалык кылып жаткан Нидерланддардын тышкы иштер министри Берт Кундерс Брюссель Босниянын реформалардын жолуна түшкөнүн кубаттаарын билдирди.
Франс-пресс агенттиги маалымдагандай, Сараево 2000-жылдардын башында эле Евробиримдикке кирүүнү көздөгөн, бирок өлкө ичиндеги үч улуттук коомчулук-сербдер, хорваттар жана босниялык мусулмандар ортосундагы араздашууу Брюссель талап кылган саясий жана башка реформаларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес.
Босниянын премьер-министри Денис Звиздич 28 өлкө кирген Евробиримдиктин жетекчилиги анын өлкөсүнө 2017-жылы талапкер макамын берерине үмүттөнөөрүн айтты.