Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Кыргызстандагы жаш качкындарды колдоо долбоору башталды


Бириккен Улуттар Уюмунун жаштар жана качкындар боюнча агенттиктери биргелешип Кыргызстандагы жаш качкындарга колдоо көрсөтүү программасын ишке ашыра баштады. Аларга Кыргызстанда жумуш издөөгө көмөк көрсөтүлмөй болууда.

Максат - качкындарга башпаанек тапкан өлкөдө интеграцияланышына жардам берүү.

Долбоорго тандалып алынган 35 качкындын 20сы чакан жана орто бизнес ишканаларында жана мекемелерде практика өтөт. Ал эми 15и бизнес-план түзүүнү үйрөтө турган тренингге катыша алат жана беш адамдан турган үч топко бөлүнүп, ич ара мелдешет. Жыйынтыгында мыкты баа алган топ 4 миң долларлык сыйлык алат.

БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда 500гө чукул качкын жашайт.

Мындан сырткары Кыргызстанда жашап жаткан, бирок качкын статусун ала элек дагы 300дөй чет өлкөлүк бар экени айтылууда. Өлкөдө баш калкалап жүргөн жалпы 753 адамдын 500дөн ашыгы Ооганстандан. Андан кийин Сирия, Өзбекстан жана Ирандан келгендер.

Баш калкалагандар арасында Пакистан, Орусия, Сомали, Тажикстан, Кытай атуулдары да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG