Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:53

Белгилүү ишкер Москвада эрдик көрсөткөн мекендешине белек тартуулады


Эмил Үмөталиев
Эмил Үмөталиев

Кыргызстандык белгилүү бизнесмен жана коомдук ишкер Эмил Үмөталиев негиздеген Kyrgyz Concept компаниясы Москвада эрдик көрсөткөн кыргызстандык Марат Исаевге өз белегин тартуулоону чечти. Бул тууралуу ал бүгүн өзүнүн Facebook баракчасына жарыялады.

Анда "Сиздин эрдигиңиз бизге терең таасир калтырды. Кайдыгер эмес мамилеңиз үчүн ыраазычылыгыбызды билдирип, жакындарыңызды сагынып калган чыгаарсыз деген ой менен Kyrgyz Concept Москвадан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Москвага (эки тарапка) болгон учак чыгымдарын өзүнө алып, билетиңизди сизге тартууламакчыбыз" деп айтылат.

Москвада курьер болуп иштеген Исаев полиция кызматкери Артем Королюк менен бирге 11-февралда метродо талмасы кармап, рельске кулаган орусиялык аялды жүрүп бараткан поезддин астына жатып куткарып калган.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн ага сый белек катары саат тартуулаганын жана кошумча акчалай сыйлык тапшырыларын жарыя кылды.

Полиция кызматкери Орусияда мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөнү расмий кабарланды, бирок ал сыяктуу эле өз өмүрүн тобокелдикке салып, жүрүп келаткан поезддин астына секирип түшкөн кыргызстандык тууралуу азырынча орус бийликтери үн ката элек.

Жарандык активисттер кыргызстандык Марат Исаевге да Орусияда сыйлык берилиши керектигин белгилөөдө. (RK)

XS
SM
MD
LG