Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Израилдин мурдагы өкмөт башчысы түрмөдө жазасын өтөй баштады


Израилдин экс-премьер-министри Эхуд Олмерт.
Израилдин экс-премьер-министри Эхуд Олмерт.

Израилдин мурдагы өкмөт башчысы Эхуд Олмерт бүгүн Маасиягу түрмөсүндө жазасын өтөй баштады.

70 жаштагы экс-премьер Иерусалимдеги талаштуу долбоорду сүрөөнгө алуу үчүн 2014-жылы пара алган деп алты жылга абакка кесилген, кийин жогорку сот жазасын 18 айга чейин кыскарткан. Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча кылмыш Олмерт Иерусалимдин мэри жана соода министри болуп турган кезде жасалган.

Ал премьерлик кызматты 2006-2009-жылдары аркалаган. Эхуд Олмерт жазасын түрмөдө өтөгөн биринчи израилдик өкмөт башчы болуп калмакчы. Коррупциядан тышкары ага сот ишине тоскоолдук кылуу беренси боюнча айып тагылды. Экс-премьер сот процессинде өз күнөөсүн четке кагып келди.

XS
SM
MD
LG