Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:38

"Бештин баасы 2 миң теңге..."


Түлкибас агробизнес жана саякат колледжинин мурдагы окутуучусу Нуржамал Жанбосынова.
Түлкибас агробизнес жана саякат колледжинин мурдагы окутуучусу Нуржамал Жанбосынова.

Түштүк Казакстан облусундагы Түлкүбас районунун Туризм жана агробизнес колледжинин студенттери пара сураган эжесин видеого тартып, интернетке жарыялашты.

Студенттер математика сабагынын окутуучусу Нуржамал Жанбосынованын сессия учурунда пара сурап жатканын тартып алышкан. 40 секунддук видео You Tube сайтына коюлуп, талкуу жаратты. Тийиштүү кызматтар териштирүүнү баштады.

"Азаттыктын" кабарчысы колледжге барганда видео ушул жылдын январынын орто ченинде, тигүүчүлүк кесибине окуп жаткан 2-курстун студенттери тарабынан тартылганы айкын болду. Аттарын атоодон, видео-фотого түшүүдөн баш тарткан 20 чакты студент иштин чоо-жайын жарыша айтып беришти:

- Биздин стипендиябыз болгону 13 миң теңге. Мисалы, экинчи курста 18 сабак бар. Эгер ар бир сабакка 1,5 миңден 2 миңге чейин пара бере турган болсок стипендиябыз эмнеге жетмек эле? Биздин кийимибиз, тамак-аш чыгымыбыз бар. Аны карызга жазыңыз деп өтүнсөк, урушуп койду.

Ошондой эле студенттер сессия соодасын видеого тартып алышканын окутуучунун өзүнө эскертишкен:

- Ал мугалим ошол видеого тарткан адам мага келип кечирим сурамайын мен силерге тийише берем деди.

Студенттер окутуучулардын пара сураганы жана алганы тууралуу текшерүүчүлөргө кабарлоодон айбыгышарын айтышты. Анткени текшерүү кеткен соң кайра эле мугалимдердин колуна түшөрү аларга эскертилип турарын кошумчалашты. Математика окутуучусу мына ошон үчүн видеодон анчейин чочубагандай.

Студенттердин айтуусунда, жөн гана канааттандырарлык баа коюу 500 теңге болсо, азыр төрт үчүн 1000, эгер карызга болсо 1500 теңге сурашарын кошумчалады. Бештин наркы 2000 теңге экен.

Ал эми айрым категориядагылар үчүн арзандатуу бар. Мисалы, күйөөгө чыккан, кош бойлуу студенттер 500 теңгеге эле сабактарын бүтүрүшөрүн студенттер кошумчалай өтүштү.

"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысынын баамында, студенттер үчүн пара берүү көнүмүшкө айлангандай. Алар сүйлөшүү учурунда пара берүү алардын укугун бузары туурасында бир да жолу кеп козгошкон эмес. Тек гана окутуучулар айрым колу жукаларга сураган акчасын азайтпаганына нааразы болушкан.

Видео коомчулукка тарагандан кийин аны иликтөө үчүн Түштүк-Казакстан облусунун билим берүү башкармалыгынан эки кызматкер келген. Алардын бири Алибек Кенжебаев студенттерге биргеликте иштөөнү сунуштоодо:

- Коррупцияны токтотуу үчүн бирге иштешибиз керек. Сессия убагында эч кандай акча чогултулбашы зарыл. Эч кимиңерге тийишпеши шарт. Бул окуя боюнча баарына: мугалимге, тиешелүү жетекчилерге чара көрөбүз. Колледж директору менен орун басары ордунда калар-калбасы белгисиз.

Казакстандын Эмгек кодексине ылайык, пара сураган окутуучу, ошондой эле аталган колледждин кесиптик билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызматтан алынды.

Түлкүбас колледжинин окуу бөлүмүнүн башчысы Алихан Амановдун айтымында, мында 800 студент билим алып, 100 окутуучу иштейт. Ал Жанбосыновага байланышкан жаңжал тууралуу мындай деди:

- Жанбосынова сабактарга чын көңүлдөн мамиле жасачу, жумушка кечикпей келчү. Жогорку билимдүү адис. Видеону көрүп нес болдук. Элдин алдында шермендебиз чыкты. Азыр мунун баары түш сыяктуу болуп атат.

51 жаштагы Нуржамал Жанбосынова "Азаттыкка" видеону көргөндөн бери ден соолугу начарлаганын айтып, окуяга байланыштуу жумуштан кеткенин ырастады. Диктофонго сүйлөп бергиси келбеген аял 27 жыл окутуучулукту аркалаганын, ошол убакыт ичинде бир да жолу сөгүш же эскертүү албаганын кошумчалады. Анын жүйөсүндө, окуган студенттер бааларын алышкан. "Видеого тарткан кыздар сабакта укташат, бир жыл бою такай сабакка кечигип келишчү", - дейт мугалим.

Атайын орто жана жогорку окуу жайларындагы паракорчулук Казакстандын башка аймактарында да кездешери айтылат.

2015-жылы Астананын жаштар саясатын колдоо борбору паракорчулукту кабарлоо үчүн бирдиктүү WhatsApp номерин ачкан.

Расмий маалыматтарга караганда, астаналык студенттердин 11% түздөн түз коррупциядан жабыркашса, ар бир үчүнчүсү окутуучулардын пара талап кылышарын кабарлашкан.

Кыргызстан деле коңшу казактардан анчейин айырмаланбайт. Буга чейин билим берүү деңгээли артта экени, заманбап шартка ылайыкталбаганы, орто жана жогорку окуу жайларындагы педагогдордун айлыгынын аздыгы көп ирет айтылып келет.

Окутуучулардын студенттерден пара талап кылган фактылары да маалымат каражаттарына аз эмес чыгып турат.

XS
SM
MD
LG