Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Ооган лидерлери талиптерди согушту токтотууга чакырышты


Ооганстандын президенти Ашраф Гани
Ооганстандын президенти Ашраф Гани

Ооганстандын лидерлери 15 жылга созулган куралдуу cогуштан соң талиптерди тынчтыкка чакырышты. Бул тууралуу президент Ашраф Гани жана башкы аткаруучу Абдулла Абдулла бүгүн Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылышынын 26-жылдыгына арналган салтанатта сүйлөп жатып билдиришти.

Буга чейин Пакистан, АКШ жана Кытайдын катышуусунда расмий Кабул менен “Талибан” кыймылынын ортосунда бир нече жолу сүйлөшүү өткөн эле.

Ал эми 11-январда Пакистандын баш калаасы Исламабадда Пакистан, Ооганстан, Кытай жана АКШнын жогорку даражадагы өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусу өтүп, андан “Талибан” менен Кабулдун ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандандыруу тууралуу сөз болгон.

“Талибан” кыймылынын өкүлдөрү болсо алардын абактагы мүчөлөрү бошотулган соң гана сүйлөшүүгө барарын билдирип келишет.

XS
SM
MD
LG