Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Европалыктар Кытай товарларына каршы нааразылыкка чыгышты


Брюсселдеги нааразылык. 15-февраль, 2016-жыл
Брюсселдеги нааразылык. 15-февраль, 2016-жыл

Дүйшөмбү күнү миңдеген кишилер Брюсселдин көчөлөрүндө нааразылык акциясын өткөрүп, Кытайдан келип жаткан арзан товарларга чектөө коюуну Европа биримдиги бийлигинен талап кылышты. Алар Кытайдын экономикалык макамын жогорулатууга жол бербөөгө чакырышты. Бельгия полициясы митингге беш миңдей адам чыкканын билдирди.

Европалыктар Кытайдын экономикалык макамын жогорулатуу миллиарддаган доллар чыгымга дуушар кыларын эскертишүүдө. Еврокомиссия бул маселени жыл аягында карайт. Учурда Европада товарлардын сапатына жараша 37 түрдүү чектөөлөр бар. Алардын 16сы Кытай товарларына каршы киргизилген.

XS
SM
MD
LG