Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Босния-Герцеговина Европа биримдигине кошулууга арыз берди

Босния өкмөт башчысы Денис Звиздич.
Босния өкмөт башчысы Денис Звиздич.

Европа биримдигинин тышкы саясат боюнча комиссары Фредерика Могерини15-февраль күнү Сараево арыз тапшырганын, бирок расмий Брюссель азырынча Балкан өлкөсү бардык талаптарга дал келбейт деген тыянак чыгарганын маалымдады.

Босния өкмөт башчысы Денис Звиздич 10-февраль күнү өзүнүн өлкөсү Европа биримдигине кирүүгө арыз жазуу ниетинде экенин, бул үчүн бардык шарттар аткарылганын маалымдаган эле. Звиздич 28 мамлекеттен турган Европа биримдиги 2017-жылы Боснияга “талапкер” макамын берет деп ишенерин айтты.

XS
SM
MD
LG