Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Тажикстанда театрды жардырууга аракеттенген адам 25 жылга камалды


Абулкосим Лохути атындагы театр.
Абулкосим Лохути атындагы театр.

Тажикстандагы Пянж районунун Пахтакор айылынын 21 жаштагы тургуну, «Талибан» террордук кыймылынын мүчөсү Шахриёр Турахонов облустук соттун чечими менен 25 жылга абакка кесилди. Хатлон облустук сотунун төрагасынын орун басары Сайфиддин Мухиддинзода соттолуучу «Талибандын» буйругу менен Дүйшөмбүдөгү опера жана балет театрын жардырууну максат кылганын билдирди.

Маалыматтарга караганд, Шахриёр былтыр июлда Ооганстанга жашырын кирип, талиптердин катарына кошулган. Ал жакта 3 ай машыгуудан өтүп, мекенине атайын тапшырма менен кайткан. Былтыр ноябрда камакка алынган.

Шахриёр Турахонов тергөөдө өзү менен бирге лагерде атайын машыгуудан дагы эки тажик жараны өткөнүн, алар Дүйшөмбүдө Улуттук китепкана менен Улут сарайын (Кохи Миллат) жардырууга бел байлаганын айтып берген.

Тажикстандын коопсуздук кызматы жардырууну жүзөгө ашыра тургандардын биринин тек-жайы аныкталганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG