Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Жалал-Абадда жер титиреди


Бүгүн таңга маал Кыргызстандын аймагында жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 05:58те Жалал-Абад облусунун кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймагында күчү 4,5 баллга жеткен силкинүү катталды.

Жердин титиреши Аксы районунун Кызыл-Жар, Атана, Сары-Кашка айылдарында 4 балл, Кербен, Үч-Коргон айылдарында 3 балл, Таш-Көмүр шаарында 3-4 балл болуп сезилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда кыйроолор жана жабыркагандар жок. (RK)

XS
SM
MD
LG