Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Айтмамат Назаров "Кыргызстандан" депутат болду


Парламенттеги "Кыргызстан" фракциясы бүгүн жаңы депутат менен толукталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында мандат Айтмамат Назаровго тапшырылды.

Ал Урмат Ишенбековдун ордуна келди. Ишенбеков БШК чечими менен өткөн апталарда депутаттыктан айрылган болчу. Бул чечимди Жогорку Сот өзгөрүүсүз калтырган.

Айтмамат Назаров 44 жашта. Буга чейин Кара-Балта шаардык кеңешинде КСДП фракциясынан депутат болгон, Кара-Балтадагы спирт заводду жетектеген.

"Кыргызстан" фракциясы Жогорку Кеңештеги 120 орундун 18ин ээлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG