Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Президент Соцфонд төлөмдөрүн кайра карап чыгууну талап кылды


Кыргызстанда Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралып чыгат. Мындай талапты бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушууда койду.

Мамлекет башчы эл пенсиянын көлөмү камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша болорун түшүнүп турганын, бирок азыркы система айылда жашаган эмгекчилердин шартын толук эске албай жатканын айтты. "Азыр чакан жер тилкеси барлар менен ири жер ээлеринин ортосунда орчундуу теңсиздик болуп жатат" деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчы тиешелүү мыйзам долбоорун тез арада Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүүнү талап кылды.

Ошону менен катар президент базарда отурган соодагерлердин мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагын да караштыруу керектигин айтты.

2015-жылдын июнунда кабыл алынган мыйзам менен социалдык төлөм кескин көбөйгөн. Социалдык фонд муну пенсиялык фонддун бюджетин толтуруу амалы катары сыпаттаган.

Бирок бул чечим жер-жерлерде элдин нааразылыгын жараткан. Жалал-Абадда, мисалы, дыйкандар талабынын аткарылышына бийликке февралга чейин убакыт берген. (RK)

XS
SM
MD
LG