Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Грэмми-2016: "Жылдын мыкты ыры" сыйлыгын Эд Ширан алды


Эд Ширан
Эд Ширан

Лос-Анжелесте америкалык үн жазуу академиясынын Грэмми (Grammy) сыйлыктарын ыйгаруу аземи өттү.

2015-жылдын жыйынтыгы боюнча негизги “Жылдын мыкты ыры” номинациясын британ ырчысы Эд Ширан "Thinking Out Loud" ыры үчүн алды. Америкалык ырчы Тейлор Свифттин "1989" атту жыйнагы “Мыкты альбом”, Марк Ронсон менен Бруно Марстын "Uptown Funk" деген биргелешкен чыгармасы “Жылдын мыкты үн жазуусу” сыйлыктарында жеңүүчү аталды.

Дагы бир башкы "Мыкты жаңы ырчы” номинациясында жаш ырчы Мегги Трейнор жеңүүчү болду.

Ал эми эң көп 11 номинацияда көрсөтүлүп жаткан ырды рэпер Кендрик Ламар башкылардан куру калганы менен беш сыйлыкты жеңип алды. Анын ичинде “Мыкты рэп альбом” жана “Рэп аткаруучу” бар.

АКШнын 39-президенти Жимми Картердин “90 жаштагы ой толгоо” автобиографиялык аудио жазуусу “Баяндоо жанрындагы мыкты жыйнак” сыйлыгына татыды.

58-жолу өтүп жаткан Грэмми 83 номинация боюнча ыйгарылды.

«Грэмми» (“Grammy”) - Америкалык үн жазуу академиясынын музыкалык сыйлыгы 1958-жылы түзүлгөн. (SA)

XS
SM
MD
LG