Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:10

Кэмерон ЕБ жетекчилиги менен реформа маселесин талкуулайт


Дэвид Кэмерон, Британ премьер-министри
Дэвид Кэмерон, Британ премьер-министри

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон бүгүн Брюсселде Европарламент өкүлдөрү жана Еврокомиссия төрагасы Жан-Клод Юнкер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Кэмерон анда Евробиримдикти реформалоо боюнча өз талаптары колдоо табарына үмүт артууда. Анын айтымында, мындай реформа боюнча тараптар тил табыша алса, Улуу Британия биримдиктин курамында кала бериши мүмкүн. Өлкөдө бул маселе боюнча референдум 2017-жылдын этегинде өтүшү керек.

Бир күн мурда Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск Британия биримдиктен чыгып калуу тобокелчилиги ишке ашып кетүүсү толук мүмкүндүгүн эскерткен. Анын сөзүнө караганда, миграция кризиси менен бир катарда турган бул маселе боюнча чечимден Евробиримдиктин келечеги көз каранды.

XS
SM
MD
LG