Орусиянын борбордук бөлүгүндөгү Ярославл шаарындагы бир көп кабат үйдөгү жарылуудан жети адам мерт болгонун өлкөнүн чукул кырдаалдар министрлиги кабарлады. Алардын арасында эки бала да бар. 16-февралга караган түндөгү бул жарылуудан үйдүн бир подъезди толугу менен кыйрап калган.
Расмий маалыматта жарылууга турмуш-тиричилик газы себеп болгону айтылууда. Кырсык болгон жерде учурда издөө жана куткаруу иштери уланууда.
Бул үйдү тейлеген ишканага "Коопсуздук талаптарына шайкеш келбеген кызмат көрсөтүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.