Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:29

Интернат бүтүрүүчүлөрүнүн укугун коргоо долбоору башталды


Кыргызстанда балдар үйлөрү менен интернаттардын бүтүрүүчүлөрүн коомго аралаштырууну көздөгөн долбоор ишке ашырыла баштады. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" «Оэйсис» коомдук уюмунан кабарлашты. Долбоорду АКШ жана Улуу Британия өкмөттөрү каржылоодо.

Тиешелүү мыйзам иштелип чыгып, парламентке жөнөтүлөт. Ошону менен катар өкмөткө да сунуштар берилет.

Долбоордун өкүлү Бермет Жакубованын айтымында, интернаттан кийин мындай балдар мамлекеттен эч кандай жардам албайт, аларга жөлөкпул да тийбейт:

- Алар жетимдер, бирок эч кандай жөлөкпул, жеңилдик албайт. Жада калса ата-энеси баш тартып, таштап кеткендерди да мыйзам жетим деп атабайт. Биз ошондой макам берилишин жана алар тиешелүү колдоого ээ болушун талап кылабыз.

ЮНИСЕФтин расмий маалыматына караганда, учурда Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө жана интернаттарда 11 миң бала тарбияланууда. Жыл сайын бул мекемелерди 15-18 жаштагы 450дөй бала бүтүрүп чыгат. Алардын басымдуу көпчүлүгү каалаган окуу жайына өтө албай, иш таба албай кыйналып келет. Айрымдары сойкулукка тартылып, адам аткезчилигинин курмандыгы болуп калууда.

Кыргызстанда жаштардын бул категориясынын укугун коргоо, аларга жардам көрсөтүү боюнча өзүнчө мамлекеттик багыт иштелип чыккан эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG