Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Түркмөнстан президенттик мөөнөттү узартууну караштырууда


Гурбангулы Бердымухаммедов
Гурбангулы Бердымухаммедов

Түркмөн мамлекеттик маалымат каражаттары өлкөдө президенттик мөөнөттү узартууну караган мыйзам долбоору "талкууланып" жатканын кабарлоодо. Кечээ жарыяланган долбоордо президенттик мөөнөттү беш жылдан жети жылга чейин узартуу жана талапкерлердин жашын чектөөнү жоюу белгиленген. Азыркы мыйзамдар боюнча, жашы 70тен ашпаган жаран гана президенттикке талапкер боло алат.

Бул долбоор президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун бийлигин бекемдөө үчүн жасалып жатканы айтылууда. Өлкөнү акыркы тогуз жылдан бери башкарып келаткан 58 жаштагы Бердымухаммедовдун кезектеги беш жылдык мөөнөтү кийинки жылы аяктайт.

XS
SM
MD
LG