Кыргыз улуттук университетинин проректору жана башкы бухгалтери 100 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Маалымат катчы Олжобай Казабаевдин айтымында:
- Биздин кызматкерлер окуя болгон жерде бармак издерин алып, акчаны эсептеп жатат. Толук маалымат ананыраак берилет.
Айрым маалыматтарга караганда, окуу жайдын жетекчилиги каржылык мыйзам бузууларды жашыруу максатында тартип коргоо кызматкерлерине пара сунуш кылган.
Улуттук университет азырынча бул боюнча расмий комментарий бере элек.
Окуу жайдын ректору Чынара Адамкулова бул кызматка былтыр жайында дайындалган. Ага чейин ал кыргыз-европалык факультетти жетектеп турган. Ректорлукка келгени факультеттин бухгалтериясында иштеген кызматкерди университеттин башкы бухгалтери кылып дайындаган. (RK)