Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:55

ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланды


Брюсселде ЕБ менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча кеңештин 14-жыйыны өттү. Кечээ өткөн бул жыйында Евробиримдик делегациясын Нидерланды өлкөсүнүн тышкы иштер министри Берт Кундерс, кыргыз тобун тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектеди. Анда эки тараптуу алакаларды чыңдоо жана Евробиримдик Кыргызстанга сунуштаган 34,6 миллион еврону пайдалануу менен кызматташтыкты өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Жыйында Кыргызстандагы саясий окуялар да талданып, Евробиримдик былтыр октябрдагы парламенттик шайлоо ийгиликтүү уюштурулганын кубаттады. Ошондой эле шайлоо системасын реформалоону улантууга ЕБ программасынын алкагында 13,3 миллион евро өлчөмүндө колдоо көрсөтүлөрү белгиленди. Евробиримдик өкүлдөрү Кыргызстандагы демократияга өтүү жараянында жарандык коомдун ролунун маанилүүлүгүн белгилеп, өлкөнү адам укуктарын жана негизги эркиндиктерин урматтоого негизделген саясаттан тайбоого чакырды.

Кыргыз тарап ЕБ менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө максатында бир канча сунуштарды, башкача айтканда Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдиги ортосундагы кызматташууну жана өнөктөштүктү чыӊдоо боюнча биргелешкен жаӊы келишимди иштеп чыгуу боюнча иш алып барууну сунуштады.

XS
SM
MD
LG