Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

Жалал-Абадда эреже бузган айдоочулар жазаланууда


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абадда жолдо жүрүү эрежесин бузган айдоочулар кармалды. 12-14-февраль күндөрү Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өткөрүлгөн рейд учурунда 1349 унаа текшерилип, 200гө чукул айдоочу административдик жоопко тартылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашты.

Былтыр жыл ичинде облус боюнча 110 атайын иш-чара өткөрүлүп, 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы катталган. 1700 айдоочу мас абалында кармалган. 932 адам айдоочулук укугунан ажыратылган.

Облус аймагында 80 миңге жакын автоунаа каттоодон өткөн. Мындан тышкары башка облустарда катталган 50 миң унаа кирип-чыгат. (RsK)

XS
SM
MD
LG