Жалал-Абад шаардык мэриясынан мурда Жаза аткаруу кызматынын №10 абак жайынын кызматкерлерине берилген 1 гектар жердин айланасында коррупциялык схема жана мыйзамсыз аракеттер болбогонун "Азаттыкка" мэр Салайдин Авазов билдирди. Анын айтымында, Курманбек көчөсү-23 дарегиндеги 1 гектар жерди мэрия 1970-жылы Жаза аткаруу кызматына убактылуу пайдаланууга берген. Кийинчерээк мекеменин суранычынын негизинде 2014-жылы 4-декабрда шаардык кенеш ал аянтты “калктуу конуштун жерлери” категориясына өткөрүп, былтыр шаар бийлиги 15 кызматкерге жер тилкеси катары бөлүштүргөн.
- Бул шаардын муниципалдык жери, аны кайрылуунун негизинде мыйзамдуу бөлүп бердик,- дейт Авазов.
Өткөн жумада Жалал-Абад облустук прокуратурасы шаардык мэрия, шаардык кеңеш жана башка бир топ мекеме ишканалардын үстүнөн мамлекетик менчиктеги жерди өз ара сүйлөшүп мыйзамсыз өздөштүрүүгө берген деген айып менен иш козгогон болчу. Прокуратуранын маалыматында андан мамлекетке 6.7 млн сом зыян келтирилгендиги айтылган. (RsK)