Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:42

Феруза Жамашева сыйланганына каршы акция өтүүдө


Ушу тапта Бишкекте Ак үй алдында Жогорку Соттун жетекчи орун басары Феруза Жамашеванын мамлекеттик сыйлыкка ээ болушуна каршы акция өтүүдө. Аны уюштурган жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун "Азаттыкка" айтымында, "Кыргызстанда сот реформасы ишке ашпай калды деп бийлик моюнуна алып жатканда бир нече жыл Жогорку Сотту жетектеген адамды элдик наам менен сыйлоо туура эмес".

- Президент өз атынан сыйласа бир жөн, бирок элдин атынан мындай жогору сыйлыкты тапшыруу туура эмес чечим болгон.

Феруза Жамашева 2012-2015-жылдары Жогорку Сот төрайымы болуп иштеген. Жаңы жыл алдында ал мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Сот реформасы ишке ашпаганын Алмазбек Атамбаев былтыр 6-ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө белгилеген.

Феруза Жамашева интервьюларынын биринде элдин сотко ишенимин жаратуу үчүн жарандардын укуктук сабатын жогорулатуу, мыйзамдарды өзгөртүү керектигин, соттор да күнөөлүү болгон учурлар бар экенин, алардын маянасын көбөйтүп, шарт түзүп берүү зарылдыгын айткан болчу.

Соңку маалыматка караганда, акцияга чыккан активистти милиция кызматкерлери кармап кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG