Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:54

Таласта Үркүндүн 100 жылдыгына карата жыйын өттү


Талас шаарында 1916-жылдагы Үркүндүн 100 жылдыгына арналган илимий конференция өттү. Аны Талас мамлекеттик университетинин тарых кафедрасы уюштурду.

Жыйынга Таластагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер, студенттер менен катар Бишкектен жана Нарындан тарыхчы-илимпоздор катышып, бул окуянын себеби, кесепеттери, өлкөнүн жана элдин тарыхындагы орду тууралуу талкуу жүргүзүштү. Кечээ, 16-февралда өткөн бул конференциянын соңунда даректүү тасма көрсөтүлдү.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан улам Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Былтыр жайында Барскоон айылында коомдук комиссия уюштурган элдик курултай 1916-жылкы Үркүндү "тукум курут" ("геноцид") саясатынан улам болду деп баалаган. Айрым изилдөөчүлөр бул окуяны "кыргын" деп баалоо керек, бирок аймакта тукум курут саясаты жүргөн дешке мүмкүн эмес деп санашат. (SS)

XS
SM
MD
LG