Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Жалал-Абадда экотехинспекция шаар бийлигине таштанды боюнча айып салды


Жалал-Абад шаарындагы таштанды төгүлчү жай ачык жайгашып, ага жакын жашаган тургундарга кедерги тийип жаткандыктан экотехинспекция тазалык боюнча ишканасына 5 миң сом айып салды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча Экологиялык техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгынын башчысы Бексултан Жунусалиев “Азаттыкка” билдирди. Айтымында, буга чейин берилген эскертүүлөрдү жергиликтүү бийлик аткарбай келген.

Бирок тазалык ишканасы бул дооматтарды четке кагып, таштанды төгүүчү жай шаардан 17 чакырым алыста, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Курук-Сай участкасындагы эл жашабаган адырлардын ичинде жайгашканын айтууда.

“Жалал-Абад тазалык” ишканасында 22 атайын техника, 15 автоунаа, МТЗ-82 үлгүсүндөгү экскаватор бар.(RsK)

XS
SM
MD
LG