Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:40

Астанада Ахметовдун бошотулушун талап кылып жол торошту


Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметов.
Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы Серик Ахметов.

Казакстандын баш калаасы Астанада ондогон адамдар чогулуп камактагы өлкөнүн мурдагы премьер-министри Серик Ахметовдун бошотулушун талап кылышты. Чогулгандар өкмөт имаратынын алдына келип, колдоруна “Биз айкындуулукту талап кылабыз”, деген кагаздарды көтөрүп турушту. Нааразылык акциясынын катышуучулары баш калаанын чок ортосундагы жолдордун бирин бир канча убакытка тороп салышты. Алардын айрымдарын полиция кармап кетти.

Серик Ахметов өткөн жылдын декабрь айында ири суммадагы пара алган деген айып менен он жылга эркинен ажыратылган. Ал 2006-2009-жылдары Казакстандын транспорт жана байланыш министри, 2009-2012-жылдары Караганда облусунун акими, 2012-жылы премьер-министрдин орун басары болуп иштеген. Ошол эле жылы Казакстандын өкмөт башчысы болуп дайындалган. Эки жыл министрлер кабинетин жетектеген соң Казакстандын коргоо министри болуп которулган.

Ахметов 2014-жылдын ноябрь айында Казакстандын коргоо министри кызматынан өз каалоосу менен кетип, бир нече аптадан кийин кармалган.

XS
SM
MD
LG