Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:46

Бээжин Түштүк-Кытай деңизинде зениттик ракеталар комплексин жайгаштырды


Түштүк-Кытай деңизи.
Түштүк-Кытай деңизи.

Кытай Түштүк-Кытай деңизиндеги талаштуу аралдардын бирине зениттик ракеталар комплексин жайгаштырды. Бул тууралуу бүгүн Тайвань бийликтери маалымдашты. Спартли архипелагындагы Филиппин, Малайзия, Вьетнам, Тайвань жана Брунейдин ортосунда талашка түшкөн Вуди аралында бүгүн белгисиз сандагы ракеталар пайда болгон. АКШнын коргоо министрлигинин атын атабаган өкүлү Fox News агенттигине бул маалыматты ырастады.

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И бул сөздөр Батыш медиасы тарабынан ойлонуп табылганын жана чындыкка коошпостугун билдирди.

Бээжиндин аралга ракеталарды жайгаштыруусу Кытай, Тайвань жана Вьетнам ортосундагы чыңалууну күчөтөт деген кооптонуулар айтылууда.

XS
SM
MD
LG