Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:38

Орусияда “ИМ” радикал тобунун мүчөлөрүнө айып тагылды


"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарында 3 миңдей Орусиянын жараны согушуп жүрөт.
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун катарында 3 миңдей Орусиянын жараны согушуп жүрөт.

Орусияда “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жети мүчөсүнө террорчулук боюнча айыптар тагылды. Бул тууралуу бүгүн Федералдык Коопсуздук кызматынын Свердлов облустук башкармалыгынан билдиришти. Өткөн аптада бийлик Екатеринбургда жети адам кармалганын маалымдаган. Алар Москвада, Санкт-Петербургда жана Свердлов облусунун аймагында терракт уюштурууну пландап жатышкан деп шектелип келишкен. Кармалгандардын арасында Орусиянын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары бар. Федералдык Коопсуздук кызматынын билдиришинче, топту Түркиядан атайын Орусияга келген “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун мүчөсү жетектеп турган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Сириядагы радикал топтун катарына үч миңдей Орусиянын жараны кошулуп кеткен.

XS
SM
MD
LG