Кыргыз улуттук университетинин проректору Нурзак Асанбеков студенттерден контракттык окутуу үчүн чогултулган миллиондогон суммадагы акча туура эмес пайдаланылганы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, мыйзам бузуу фактысын жашыруу өтүнүчү менен текшерүүчүлөргө 100 миң сом пара сунушталып, бул акча "Финанс-кредит банкында" ачылган атайын эсепке которулган.
Ленин райондук милициясы кылмыш иш козгоду. Нурзак Асанбеков кечээтен бери убактылуу кармоочу жайда жатат. Бүгүн анын баш коргоо чарасы сотто аныкталат.
Асанбеков менен кошо кармалган башкы бухгалтер Ольга Бондарчук камакка алынган жок. Бирок ал да кошо сурак берүүдө.
Университеттин ректору Чынара Адамкулова бүгүн жамаат менен жыйын өткөрүп, окуяга байланыштуу өкүнүү билдирди жана иштин калыс териштирилерине үмүттөнөрүн айтты. (RK)