Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Казакстан: баланын өлүмү улут аралык чыңалууну жаратты


Нааразы болгон Бурыл айылынын жашоочулары
Нааразы болгон Бурыл айылынын жашоочулары

Казакстан түштүгүндөгү Жамбыл облусундагы беш жаштагы баланын өлүмү улуттар аралык чыңалууну жаратты. 17-февралда жүзгө чукул нааразы адам чогулуп, баланы өлтүрдү деп шектелген түрк улутундагы жарандын айылдан көчүп кетүүсүн талап кылышкан. Мындан тышкары чогулгандар камакка алынган казак жигиттеринин бошотулушун талап кылышты. Жергиликтүү полициянын айтымында, А.С. Дүйсенбек аттуу наристенин зордукталган сөөгү 15-февралда ата-энесинин үйүнөн табылган.

Окуяга байланыштуу айылдын 18 жаштагы тургуну Дурсун Кавазоглу кармалып, ал өз күнөөсүн моюнуна алган. Кылмышкер үйгө ууруга кирип, кокусунан баланы өлтүрүп алганын айткан. Жергиликтүү месхет түрктөрүнүн лидери Дунайдар Абдуллаев кылмышкер жазасын алышы керек деп эсептейт.

Бурыл айылында 12 миңдей адам жашаса, алардын отуз пайызын месхет түрктөрү түзөт.

XS
SM
MD
LG