Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Немцов өлтүрүлгөн жердеги мемориал кайрадан жок кылынды


Немцов өлтүрүлгөн жердеги элдик мемориал
Немцов өлтүрүлгөн жердеги элдик мемориал

Москвада кечээ түнү Чоң Москворецк көпүрөсүндөгү оппозициячыл саясатчы Борис Немцов өлтүрүлгөн жерде жайгашкан элдик мемориал кайрадан талкаланып, жок кылынды. Бул тууралуу “ОВД-Инфо” сайты жазды. Ага чейин мемориалда күзөттө турган активисттер Сергей Колесников менен Каринэ Ковхаева полициянын бөлүмүнө жеткирилген.

Ковхаеванын айтымында, кармап кетүүгө “болбогон ойлоп табылган бейбаштык” түрткү болгон. Активисттерди бир жарым саат кармашкан. Бул убакыт аралыгында мемориалдагы гүлдөрдүн баары жок кылынган.

Жыл башынан бери ушуну менен төртүнчү жолу Немцовдун мемориалын жок кылуу аракети катталган. Мындан мурункусу 30-январга караган түнү болгон.

Чоң Москворецк көпүрөсүнүн үстүндөгү элдик мемориал Немцов атып өлтүрүлгөн күнү 2015-жылдын 28-февралында пайда болгон.

XS
SM
MD
LG