Орус патриархы Кирилл шаршембиде Чилинин Пунта-Аренас шаарынан Антарктидага учуп кетти. Патриархтын маалымат катчысы Александр Волковдун айтымында, Кирилл Ватерлоо аралындагы орусиялык Беленсгаузен станциясында жайгашкан жалгыз православ чиркөөсүндө таат окуйт. Патриарх менен кошо анын Латын Америкасына болгон сапарында коштоп жүргөн Орус православ чиркөөсүнүн делегациясы да учуп кетти.
Өткөн аптада Кубада орус патриархы менен Рим папасынын тарыхый жолугушуусу болгон. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында дүйнө жүзүндөгү христиандарды коргоого багытталган декларацияга кол коюлган.
Бул православ менен католиктер 1054-жылы бөлүнгөндөн берки биринчи жолугушуу болду.