Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:06

АКШ: Орусия Сириядагы аба соккуларын токтото элек


Сириядагы согуштун акыбети...
Сириядагы согуштун акыбети...

Сирияда тынчтык орнотуу боюнча макулдашууга карабай Орусия күчтөрүнүн аба соккулары уланууда. Бул тууралуу АКШ армиясынын өкүлү, полковник Стивен Уоррен билдирди. Орусия, Түркия, АКШ жана башка мамлекеттер Сириядагы согуштук аракеттерди 18-февралдан тарта токтотуу келишимине кол коюшкан.

АКШнын Багдаддагы куралдуу күчтөрүнүн башчысы Стивен Уоррен Москванын абадан чабуулду токтотууга камынганы байкалбай жатканын айтып, тескересинче соккулар күч алганын маалымдады.

Кремл Сириядагы операциялар террордук топторду жок кыларын белгилейт. Вашингтон жана анын союздаштары Москва соккуларды Сирия оппозициясына уруп жатканын айтууда. Алепподогу бомбалоодон улам өлкөнүн Түркия менен чектеш аймагына он миңдеген адам качып барды.

XS
SM
MD
LG