Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:47

Стамбулда Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча сот башталды


Тажикстандагы оппозициялык “Группа-24” тобунун лидери Умарали Кувватовдун өлүмү боюнча Стамбулдагы сотто негизги эки күбө көрсөтмө беришти. Алардын бири Сухроб Тураев тажик оппозиционеринин өлүмүн уюштургандардын башында Сулаймон Каюмов турганын айтты.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, Каюмов былтыр 5-марттын кечинде маркумду үй-бүлөсү менен бирге конокко чакырып, Кувватов сый-тамак учурунда өзүн жаман сезип сыртка чыкканда башка атып кетишкен. Күбөлөрдүн айтуусунда, Каюмов дасторкондогу тамактан даам сызган эмес. Айыпталуучу Каюмов да муну моюнга алды.

Стамбул прокуратурасы билдиргендей, Умарали Кувватов тажик бийлигинин куугунтугуна байланыштуу Түркияда башкалкалап жүргөн. Анын өлүмүнө Тажикстандын дагы 5 жаранынын катышы бар экени болжолдонууда. Алар Түркияда эмес.

Тажик Жогорку Сотунун чечими менен өлкөдө “Группа 24” уюмунун ишмердүүлүгү мыйзамсыз деп табылып, анын онго чукул мүчөсү ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG